18:56
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Атанын кызы. Атам, Нурак Абдрахманов мени «жаман кыз» деп көп айтчу

Залкар комузчу маркум Нурак Абдырахмановдун кызы Ширин Абдырахманова ата жолун улай чыгармачыл чөйрөдө аралашып жүрөт. Ырчы айым өзү жана атасы тууралуу 24.kg агенттигине маек куруп берди.

Ширин Абдырахманованын жеке архивинен алынды
Фото Ширин Абдырахманованын жеке архивинен алынды. ырчы Ширин Абдырахманова

Мата баркы менен бөз өтөт, Ата баркы менен кыз өтөт

-Мен атамдын биринчи үй-бүлөсүнөн эн кенжеси, жетинчисимин. Менден улуу 4 агам 2 эжем бар, тилекке каршы бир агам 36 жаш курагында өтүп кеткен. Кесибим комуздун коштоосунда элдик ырларды аткаруучу, ырчы. Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясынын фольклор бөлүмүн 2007-жылы аяктагам. Эң алгачкы ирээт сахнага 1993- жылы 10 жашымда «Өрүк комуз» дастанынан үзүндү айтып, Нарын облусуна караштуу Баетов айылындагы азыркы күндө атамдын атынан аталган балдар музыкалык мектебинин кышкы отчеттук концертинде чыккам. Атамдын кызы болуу- бул өзгөчө бакыт жана өзгөчө жоопкерчилик. Албетте, атамдын өнөрүн сыйлаган инсандар мага жакшы мамиле кылып, жардамын аяшпайт. Элден айланса болот! «Мата баркы менен бөз өтөт, Ата баркы менен кыз өтөт» деген сөз туура.

Ширин Абдырахманованын жеке архивинен алынды
Фото Ширин Абдырахманованын жеке архивинен алынды. ырчы Ширин Абдырахманова солдон биринчи

Атам аябай өзгөчө адам эле. Бир окуяны эң улуу агам айтып берип күлдүргөнү бар: Бир жолу атам унаасын айдап бир дарекке бара жатыптыр, жанында агам менен экинчи апам бар экен. Анан эле калаанын Жаш Гвардия бульварынын бир гана багытта жүрүүгө уруксат берилген тарабы менен каршы айдап жөнөптүр. Бир маалда маңдайында келе жаткан унаалар сигнал берсе, атам туш келген кесилиште эле бурулуптур. Ал жакта МАИ кызматкери токтотот. Атам инспектордун жанына жакын барып, баягы өзү таппай жүргөн даректи сурап коёт имиш. Тартип сакчысы дагы шашып кетип «тигине аксакал, жетип калдыңыз» деп көрсөтүп, атамды коё бериптир.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. комузчу Нурак Абдырахманов кызы менен

Кыялкеч комузчу

Мени эркелетип «жаман кыз» деп көп айтчу. Анын айткан эң таасирлүү кеңеши- бул ырчылык кесипти тандоо болду. «Күү жаратуу-бул өтө татаал нерсе. Ага бүтүндөй өмүрүңдү арноо керек. Сен болсо кыз бала болсоң, келечекте эне болосуң, үй-бүлө күтүп, аялдык түйшүгүңдү тартып, ой дүйнөң чарпылат. Андан көрөкчө ыр өнөрүн танда! Сенин колуңдан келээр нерсе ошол!» деп мага багытты өзү тандап берген. Менде атамдын кыялкечтиги, камырабастыгы, таптакыр жулунуп, жанталашпаган ток пейилдүүлүгү бар деп көп айтышат.

Ширин Абдырахманованын жеке архивинен алынды
Фото Ширин Абдырахманованын жеке архивинен алынды. ырчы Ширин Абдырахманова

Сынактарга чанда эле барам, себеби көп учурда адилеттүү өтпөйт

Атамдын «Ата Мурасы» күүсүн айылдан өз алдымча кассетадан угуп эле үйрөнүп алгам. Кийин 50 жылдык маарекесинде келип, филармонияда чертип чыккам. Эртең концерт деген күнү кечинде атам мага ошол күүсүн санап жүз жолу черттирген. Мен негизи элдик ырларды, Мыскал апабыздын репертуарындагы ырларды аткарып чоңойдум. Мен 11 жашымда 8-март майрамына карата куттуктоо кылып апама арнап эң алгачкы обон жаратып, сөз жазгам. Ошондон бери ыр да жазам, обон да чыгарам. Ал эми сынактарга чанда эле барам, себеби көп учурда адилеттүү өтпөйт. Бир туугандарымдын баардыгы таланттуу. Атабыздын көп өнөрлөрүн ар бирибиз улап келе жатабыз, бир иним комузда кол ойнотот, бир сиңдим ырдап жүрөт. Бирок, күү жараткандар жок... Ар бир эле жанда өкүнүч болот да, мен дагы атамдын көзү тирүү болгондо, чыгармачылыкта көп кеңеш бербейт беле деп өкүнөм...

Ширин Абдырахманованын жеке архивинен алынды
Фото Ширин Абдырахманованын жеке архивинен алынды. ырчы Ширин Абдырахманова

Эң көп окулган жаңылыктар