01:56
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстандан экинчи атасын тапкан америкалык Энтони Икечукву

Энтони Икечукву —нигериялык тектүү америкалык жаран. 35 жаштагы каарманыбыз бир канча өлкөнү кыдырып, акыркы 5 жылдан бери Кыргызстанда жашайт.

-Бул жакка кантип келип калдыңыз?

-Контракт боюнча келгем. Кыргызстанга чейин Бириккен Араб Эмираты, Непал, Индияда болдум. Алгач өзүмдүн мекеним Далласта эмгектенип баштагам. Мен англис тилин жаш балдардан баштап чоңдорго чейин үйрөтөм.

-Сизди Кыргызстанда таң калтырган нерселер барбы?

-Бар. Мисалы, суу. Мен барган өлкөлөрдүн айрымдарында кир суунун айынан көп оорушат. Кыргызстандын суусу таза. Адамдары да башкача, мында көп досторду таптым. Дагы бир киши менен абдан жакын мамиледе болгондуктан, аны экинчи атам деп коем. Кичинемден эле футболго кызыгам.

-Бул жакта сизге эмне жетишпейт?

-Мен мында келгениме көп болду, өз үйүмдө жүргөндөй эле сезем. 

-Кыргызстандын сиздин туулуп өскөн мекениңизди эске сала турган эмнеси бар?

-Тамак-аштары. Башка өлкөлөрдө бул жаатта көйгөйлөр болчу. Бул жакта андай маселе жаралган жок, тамак-ашы ар түрдүү, каалаганыңды тандап жейсиң. Кээ бир тамак-аштар АКШда жеп жүргөн тамактарга окшош. Мисалы, плов, куурдак жана бешбармак. Бирок, биз жакта аталыштары такыр башка.

— Улуттук тамактардан кайсыны сүйүп жейсиз?

— Куурдакты жактырам. Ал эми борщту көп жебейм, аябай эле суюк. Мен үчүн эттүү тамак болсо болду.

— Жакшы көргөн эс алуу жайыңыз барбы?

— Ысык-Көлгө жыл сайын барып турам. 

-Жергиликтүү калктын кайсы сапаттары жакты?

-Бул жакта тарбиялуу инсандардын көп экенин байкадым. Жаштар коомдук унааларда улууларга орун бошотуп беришет экен.

-Кыргызстанда эмнелерди өзгөртөт элеңиз?

-Бул жакта айлык акы аз дешет. Эл аралык компанияларды чакырып, иш орундарын түздүрүп, айлыгын жакшы төлөп беришин шарттамакмын.

Эң көп окулган жаңылыктар