04:39
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Министр: Азырынча биз ири насыяларды алууну пландаган жокпуз

ИДПга карата карыздын катышы мүмкүндүк берсе дагы, азырынча биз ири насыяларды алууну пландаган жокпуз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда Каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, кандай гана насыя болбосун аны алуу мүмкүнчүлүгү тыкыр каралып жатат. Анын шартын, эффективдүүлүгүн жана максаттуулугун изилдей турган атайын топ бар. Эгерде насыя алууга негиз болбосо, анда Кыргызстан аны албайт. 

Эң көп окулган жаңылыктар