07:02
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Колунан ажыраган жоокердин апасына батир алуу үчүн акчаны кайдан табууну айтышты

№ 30295 аскер бөлүгүндө токко урунуп, 2 колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаевдин үй-бүлөсүнө Башкы штаб Бишкектен батир алуу үчүн акчаны кайдан табуу керектигин айтып берди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Башкы штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Башкы штаб жабырлануучуга үй алып бере албайт. «Бирок жоокердин апасынын наамына электрондук эсеп ачылган. Азыркы тапта которулган акчанын суммасы бир жарым миллион сомго жетет. Жоокердин апасы Венера Сейталиева кечээ Башкы штабга келген, ага чогулган каражаттын бир бөлүгүн үй алууга жумшоо керектигин айттык. Акча эсепке түшүп жатат», -деп билдиришти мекемеден.

Эске салсак, Руслан Сапарбаев кызмат өтөп жатканда ток тартып, кесепетинен 2 колунан тең ажырады.

Эң көп окулган жаңылыктар