03:52
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун жетекчиси алмашты

Шодихон Жамшед башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун башчылыгынан кетти. Тиешелүү жарлыкка тажик президенти 1-октябрда кол койду. Шодихон Жамшед облусту 2013-жылдан бери жетектеп келе жаткан, ага чейин ушул эле дубандын Шугнан районунун төрагасы болгон.

Тажикстан президентинин башка бир жарлыгы менен Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун башчылыгына Ага Хан фондунун Тажикстандагы өкүлчүлүгүн жетекчиси Ёдгор Файзов дайындалды. Ал 2012-жылдагы Хоргог окуясында өкмөт менен мурдагы талаа командиринин ортосунда арачылык кылган.

Президент 15-сентябрда аталган аймакта жыйын өткөрүп, кылмышкерлердин чакан тобуна каршы жергиликтүү бийликтин туруштук бере албай жатканына нааразы болгон.Өлкө башчынын сынынан кийин аймактагы күч түзүм жетекчилери алмашкан.

18-сентябрда облус жетекчисинин жаңы орун басарлары дайындалган.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби