04:03
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кореядагы элчилик Сеулга барып келбей койгон кыргызстандыктардын атын атады

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги чет мамлекеттерде өткөрүлчү иш-чараларга бара турган адистерди тандоодо бийликти кылдат болууга чакырды. Элчиликтин 1-октябрдагы билдирүүсүнө ылайык, туура эмес тандалган адистер өлкөнүн аброюна зыян келтирүүдө.

«Курорттор ассоциациясынан Мирлан Усубалиев баштаган Элгиз Рысалиев менен Бекжан Мирбеков барган. Элчилик аларга виза жагынан көмөктөшкөн. Бирок Рысалиев менен Мирбеков ошол бойдон Кыргызстанга кайткан эмес. Муну менен алар Кореянын миграция мыйзамын бузду. Алардын мындай кадамдары Кыргызстандын мамлекеттик органдарына Кореянын бийлигинин ишенимин жоготот», — деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар