21:28
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Түркиядагы кыргыздар. Дарыгер Рахатбек Түгөлбаев чет жердеги кызматы тууралуу

Түркиянын Адана шаарында кыргызстандык Рахатбек Түгөлбаевдин дарыгерлик кесипти аркалаганына 26 жыл болду. Чет жердеги жашоосу, үй-бүлөсү жана бир тууган эжеси —белгилүү алып баруучу Салтанат Саматова тууралуу 24.kg агенттигине маек куруп берди. 

Рахатбек Түгөлбаевдин жеке архивинен алынды
Фото Рахатбек Түгөлбаевдин жеке архивинен алынды. Рахатбек Түгөлбаев уулдары менен

-Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз, Түркияга кантип кетип калдыңыз?

-Бишкектеги № 5 мектепти аяктап, 1990-жылы ошол кездеги медициналык институтка тапшыргам. Бир жылдан кийин Дастан Сарыгулов башкарган «Гуманитардык демилге» фонду аркылуу Түркияга окуганы алгачкылардан болуп барып калдык. Бул жактан дагы ошол эле тармакта окуумду улантып, кийин Адана шаарында физиотерапия адистиги боюнча иштеп баштагам. Бул кесипти аркалаганыма 26 жылдын жүзү болду.

- Түркияда дарыгер болуп иштөөнүн талаптары, шарттары тууралуу айтып берсеңиз?

- Түркияда дарыгер болуп иштеген жакшы. Маянасы деле шүгүр. Бул жакта медицина тармагында дипломду акча менен сатып алуу, пара алуу деген жок. Азыркы система жаңы, баары расмий түрдө компьютерден өтөт, кадимкидей салык төлөнөт.

- Сиз жашаган шаарда кыргыз жарандары көппү?

- Адана Түркиянын түштүк чыгышында орун алган, Сирияга жакын шаар. Бул жакта кыргыздар анча көп эмес. Ар кайсы тармактарда иштегендер бар, бирок көп деле жолугуша бербейбиз.

- Түрк элинин кыргыздарга болгон мамилеси кандай?

- Жаман жагыңды көргөзбөсөң эч ким жаман көрбөйт. Ири шаарларда болсо жаман кылыктарды жасап, улам теледен түшпөй жаманатты кылгандардын айынан бизге эле сөз тиет. Достор кээде айтып калышат, «сенин жердешиң чыгып калды» деп. Негизинен түрктөр кыргыздарды Ата-Журттан, Ата-Мекенден келгенсиңер деп сыйлап турушат.

- Өз үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз, балдарыңыз кайсы тилдерде сүйлөшөт?

- Жубайым Чүйдүн кызы, учурда 3 уулубузду тарбиялап жатабыз. Тун уулубуз быйыл Канададагы Ванкуверде окуй баштады. Кийинкилери 4-5-класста окушат. Сабактарынын баары 5. Бош убактыларында каратэ, шахмат музыка менен алектенишет. Негизи окуулары түркчө, бирок кыргызча түшүнүшөт.

- Кыргызстанга тез-тезден каттап турасыздарбы?

- Тилекке каршы шарт болбойт. Анткени, жумуш, балдардын окуусу калып калат.

Сизди белгилүү алып баруучу маркум Салтанат Саматованын бир тууганы дешет?

- Ооба, Салатанат Саматова менин бир тууган эжем. Беш бир туугандын үчүнчүсүмүн. Эжем менен мен Түркияга кеткенге чейин бирге эле чоңойдук. Мектепти 1990-жылы чогуу бүтүрүп, окуу жайга бирге тапшырганбыз. Ал медицина тармагына тапшырам деп анатомия лабораториясында иштеп да калды.

Рахатбек Түгөлбаевдин жеке архивинен алынды
Фото Рахатбек Түгөлбаевдин жеке архивинен алынды. Рахатбек Түгөлбаев бир тууган эжеси Салтанат Саматова менен

- Эжеңиз бала кезинде кандай кыз эле?

-Атам айткандай эжекем бажырап көп сүйлөгөн, уюштуруучу кыз болчу. Чоңойгондо эле мен окуганы кетип, көп көрүшпөй калдык... Телефон, интернет менен гана сүйлөшчүбүз. Баардык нерсени, ал тургай таттууну дагы өзү жебей бизге берер эле. Улуулук кылып бизди урушкан деле жок, балалык кылып оюнчук деле талашпадык. Кичинекейинен эле акылман кыз болчу. Кийин чоңойгондо деле башка туугандардын баарын бир ортого чогултуп, баарына тегиз көңүл бурчу эжекебиз...

Рахатбек Түгөлбаевдин жеке архивинен алынды
Фото Рахатбек Түгөлбаевдин жеке архивинен алынды. Рахатбек Түгөлбаев жубайы жана бир тууган эжеси Салтанат Саматова менен

Эженин катуу ооруп жүргөнүн биринчи жолу укканда дарыгер катары кандай кеңештериңизди бергенсиз?

- Эжемдин оорусун Түркияга келгенде изилдөө кылып биринчи биз таптык. Өзү ракты кадимкидей кабыл алды. «Кандай болом? Кантем?» деген жок, «ракты жеңебиз», - деп айткан. Анан дарылана баштады... Химиотерапиядан өттү. Кийин дарыгер токтотолу деп айтты, бирок оорусу күчөй берди. Кайрадан химиотерапияны улантууга туура келди. Акыркы жылдары гана эжемдин ахвалы начарлай баштады. Аны угуп үй-бүлөбүз менен Кыргызстанга барып, учурашканбыз. Бизди көрүп абдан сүйүнгөн...

Рахатбек Түгөлбаевдин жеке архивинен алынды
Фото Рахатбек Түгөлбаевдин жеке архивинен алынды. Рахатбек Түгөлбаев ата-энеси жана бир туугандары менен

- Рак оорусу жашарды деп айтып келишет, бул абал Түркияда кандай?

- Баардык оорулардын башында стресс турат. Рак менен ооруган кишиге салттуу медициналык дарыланууну колдонуш керек. Табыптарга баруу сунушталбайт.

- Кыргызстанга кайтып келүү планыңызда барбы?

- Азыр кайтуу боюнча ой жок, анткени азыр система башка. Бул жакта пенсияга эле чыга турган болуп калдык.

Эң көп окулган жаңылыктар