20:29
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Космостогу жылдыздардын бирине Салтанат Саматованын ысымы ыйгарылды

Космостогу жылдыздардын бирине белгиүү алып баруучу маркум Салтанат Саматованын ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу социалдык түйүнгө алып баруучунун атасы Орозбек Түгөлбаев жазды.

«Салтанатымдын Ольга Якубовская деген Россиядагы бир курбусу баламдын атын ушинтип көкөлөтүп каттатып коюптур! Оляга терең ыраазылык билдирем!», -деп жазган ал. 

Маалыматка караганда, Балык тобундагы R-15-7128-88-номурдагы жылдыз Салтанат Саматованын ысымын алып жүрмөкчү.

Эске салсак, белгилүү телерадио алып баруучу былтыр 15-августта узакка созулган оорудан улам көз жумган.

Эң көп окулган жаңылыктар