21:13
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстандын жаратылышына таң берген түрк журналисти Атыф Ала

Түрк журналисти Атыф Ала 10 жылдан бери Кыргызстанда иштейт. Ал бул жактан жубайы менен таанышып, көптөгөн досторду тапкан.

-Кыргызстанга эмне себептен келип калдыңыз? Бул жакта эмне менен алектенесиз?

-Кыргызстанга 1995-жылы студент кезимде келгем. Бир жылдан кийин ZAMAN Kyrgyzstan гезитинин жаңылыктар бөлүмүнүн менеджери болуп иштеп баштадым. 1997-жылдан тарта Cihan маалымат агенттигинде эмгектендим. Кийин бир жылдай Өзбекстанда жумушумду уланттым. Акыры Түркияга кайттым. Учурда көз карандысыз журналистмин.

Мен Кыргызстанды ушунчалык жагымдуу окуялар менен эстейм. Анткени жубайым менен ошол жактан таанышып, үйлөнгөнбүз.

Үй-бүлөм менен Кыргызстанга тез-тез келип турабыз. Болочок жубайым менен 2000-жылы таанышканбыз. Алгач үйлөнүү үлпөт тойду аялымдын кичи мекени Ноокатта, кийин Бишкекте белгилегенбиз. Биздин үй-бүлө эл аралык десем болот. Аялым-Кыргызстандын жараны, улуту боюнча өзбек. Мен Түркиянын жаранымын, улутум күрд.

— Атыф, Кыргызстанга алгач келгенде сизди эмнелер таасирлентти?

— Кыргызстанга алгач келгенде элдин достугу жана ачыктыгы таңдандырган. Ким менен гана таанышпайын мага суроолорду берип, мени жакындан таанууга аракет кылышкан. Дагы бир таасирленткени жаратылыштын кооздугу. Муну баардык эле туристтер айтышса керек.

— Бишкек менен сиздин туулуп өскөн шаарыңыздын окшоштуктары бар бекен?

-Көп окшоштуктар бар. Мисалы, базардан тандыр нандарды көрдүм. Ал тургай көп сөздөр мага тааныш учурады. Мен туулуп өскөн Батман шаарында нанды нан дейбиз.

— Бишкекте жакшы көргөн жайыңыз барбы?

— Мага Ала-Тоо аянты жана Эркиндик Бульвары жагат. Мында келген чет элдик туристтер Ала-Арча эс алуу жайын, Ысык-Көлдү, Сары-Челекти, Абшыр-Ата капчыгайын, Арстанбап жаңгак токоюн, Сулайман-Тоону унутпайт болушу керек.

— Улуттук тамак аштан кайсы тамак жагат?

- Мага баардык эле тамак жагат. Айрыкча манты менен шишкебекти тамшанып жейм. Ал эми жылкынын этин жеп, кымызды ичип көргөн жокмун.

Эң көп окулган жаңылыктар