13:56
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Темирлан Ормуковдун иши. Судьяларды кол тийбестиктен ажыратуу каралат

Көзү азиз акын Темирлан Ормуков Жогорку соттун 3 судьясы Качыке Эсенканов, Арзыбек Акыев жана Шерали Камчибековдун иши боюнча жабырлануучу катары сурак берди. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.

Айтымында, УКМКнын тергөөчүлөрү судьялардан сурак алышууда, бирок азырынча аларга күнөө коюла элек.

«Учурда УКМК соттордун дисциплинардык комиссиясына берүү үчүн материалдарды даярдашууда. Документтерде судьяларды кол тийбестиктен ажыратуу каралган. Иликтөө эмнеге создуктурулуп жатат, билбейм. Мен жабырлануучу катары сурак бердим, судьялардын айынан тергөө абагында ашыкча мөөнөткө отуруп калганым үчүн нааразычылыгымды билдирдим», -деди Темирлан Ормуков.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби