13:56
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Нуртемир Сулаймановду Нью-Йорктун Авиатор хоккей клубуна ойноого чакырышты

Кыргызстан хоккей курама командасынын 9 жаштагы оюнчусу Нуртемир Сулаймановду Нью-Йорктун Авиатор хоккей клубуна ойноого чакырышты.

Нуртемир Сулайманов «Алга Бишкек» хоккей командасында 3 жаштан бери ойноп келет. 7 жашында ал Санкт-Петербургдагы СКА хоккей клубунун тандоо турунан өтүп, чабуул жасоо боюнча лидерликти алып алгачкы бештикте кичинекей Овечкин деген лакап ат алган.

Ушул жылдын жайында жаш спортчу «Нью-Йорк Рейнджерс» клубунун жайкы оюндарына катышкан. Ал жактан Авиатор клубунун машыктыруучуларынын көзүнө көрүнүп калган.

Белгилей кетсек, Нуртемир «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун баласы.

Эң көп окулган жаңылыктар