Казакстанда уурдалган телефондор Кыргызстан менен Тажикстанга ташылат. Бул тууралуу Алма-Ата шаарынын акими Бауыржан Байбек билдирди.
Анын айтымында, Алма-Атада телефон ууруларына каршы күрөш жүрүүдө.
«Уурдалган телефондор Казакстанда калбайт. Аны Кыргызстан менен Казакстанга алып чыгып кетишет. Андыктан кылмыштын бетин ачуу кыйын», — дейт шаар башчысы.