13:45
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Зарлашт Сармаст Кыргызстандан досторду табуу кыйын болот го деп ойлогон

Ооганстандык Зарлашт Сармаст 3 жылдан бери Бишкекте жашайт. Ал мында Борбордук Азиядагы Америка Университетине окуусун улантуу үчүн келген. Студент кыз эл аралык саясат багытында билим алып гана тим болбостон, эл аралык уюмда стажер болуп иштеп жатат.

— Бишкек сизди эмнеси менен таң калтырды?

— Чынын айтсам, Кыргызстанга келгенге чейин бул өлкө тууралуу аз эле нерсе билчүмүн. Мени бул жактын социалдык жашоосу абдан таң калтырат. Алгач келгенде жаңы кишилер менен таанышуу, досторду табуу кыйын болот го деп ойлогом. Бирок, кыргызстандыктар абдан меймандос жана тез пикир алышып кетүүгө жөндөмдүү экен. Бишкек-абдан кичинекей шаар, бул мага абдан жагат. Анткени, сейилдеп жүрүп досторуңду кезиктире аласың. Мага бул жакта өмүр бою жашагандай сезилет, албетте  абдан жагымдуу.

Үй-бүлөмдү сагындым. Бишкектеги жашоом такыр башкача. Эч качан күнүң кандай өтүп кеткенин билбейсиң. Кээде кантип кеч кирип калганын байкабай калам. 

— Сиздин мекениңизге окшоштуктар бар бекен?

— Айрым кыргыз тамактары ооган тамактарына окшош, мисалы плов, манты, лагман. Мен бул тамактарды жеген сайын апам жасаган тамактар эске келет.

— Бишкекте сиз жакшы көргөн жайыңыз барбы?

— Мен окуган БААУ жакшы көргөн жайым. Ал жашыл тоолордун бет маңдайында жайгашкан.

-Улуттук тамак-аштан кайсылар жагат?

— Мен лагманды жактырам. Бул абдан даамдуу, ошол эле маалда бат даярдалуучу тамак. Анда керектүү витаминдердин баары бар.  Бишкектеги тез татым кафелеринин биринен тамактанам. Ошол жактын лагманы сөз менен айтып бере алгыс бөтөнчө даамдуу. Кээде 2 порцияны жеп койгон учурларым болот.

— Жергиликтүү тургундар менен таанышкандан кийин сизди эмнелер суктандырып же тескерисинче көңүлүңүздү калтырды?

— Бишкектин көпчүлүк тургундары абдан меймандос жана жароокер, мага ушул сапаттары жакты. Бирок, 2 ирет капчыгымды жоготуп алдым. Аны менин сумкамдан алып кетишиптир, бул мени абдан капалантты.

Эң көп окулган жаңылыктар