18:20
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Чоң казаттан кайтпай калсам, атын Казат кой. Жазуучу Казат Акматов тууралуу

1941-жыл. Ысык-Көлдүн Темировка айылынын тургуну Турсунаалы аттуу киши согушка аттанып жатып, кош бойлуу аялына «Согушка кетип жатам, чоң казаттан кайтпай калсам, эгер уул төрөп калсаң атын Казат кой», деп керээзин айтып кетет. Көп өтпөй айылга кара кагаз келет, ал эми жесир калган аял курсактагы 4-баласын Казатты жарык дүйнөгө алып келет. Кандуу согуштун кесепетинен атасыз калган жетимдерди жалгыз бой эне бага албайт эле. Чиедей балдарынын камын ойлоп, улуу баласын өзүнө алып калып, калган 2 кыз жана кичүү уулу Казатты туугандарына таратып жиберет. Ошондо Казат энесинин бир тууган сиңдиси Бурулкандын колунда Боз-Тери айылында калат. Бурулкандын жолдошу Акмат дагы согуш талаасына аттанып жатып, «2 кызыбыз бар, бирок уулду боло алган жокпуз. Эркек бала багып алып, ысымын менин атымдан кой» —деп керээз калтырган. Ошондон улам, согуштан кайтпай калган 2 атасынын керээзи боюнча Казат Акматов болуп калат. 

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов

Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов «Эки сап өмүр», «Боз улан», «Ала-Тоо кары» «Мезгил», «Күндү айланган жылдар», «Боз чымчык», «Архат» романдарын, «Миң бир күн. Окуялар, адамдар» публицистикасын, «Ажырашуу» драмасын жана «Мунабия» аңгемесин жазган. Жазуучунун чыгармаларын жайылтуу боюнча иш алып барып жаткан Казат Акматовдун уулу Азим Акматов 24.kg агенттигине атасы тууралуу көпчүлүк билбеген кызыктуу фактыларды айтып берди. 

Орусча үйрөнөм деп "Евгений Онегинди" 12 жолу көчүрүп жазып чыккан...

Атам Казат Акматов Фрунзеге келип политехникалык окуу жайдын гидротехникалык факультетине тапшырып калат. Ал кезде кыргыз кадрлары жетишсиз болгондуктан, химия, физика, математика сыяктуу сабактарды билбесе деле өтө беришчү экен. Бирок, атам окуганына бир ай боло элек жатып, «улутчул» деп окуудан чыгып калган. Анткени, жатакана таратып атканда атам менен анын 3 кыргыз досуна начар бөлмө тийип калат. Алар карап отурмак беле, «эмнеге орус балдарга шарты жакшы бөлмө берет» деп аларды кууп чыгып, өздөрү кирип алышат. Ошентип, ал окуу жайда окубай айылга кайтып келет. Бирок, кийинки жылы жакшы иштеди деген мүнөздөмө алып барып кайра окуусун улантса болот эле. Уулу айылга келгенин көрүп апасы Бурулкан абдан сүйүнөт. Колхоздун бүтпөгөн жумушуна киргизип коёт, ошентип сүт ташуучу унаанын айдоочусу болуп калат. Жайлоодо жөн жүрбөй чыгармаларды жазып райондук гезиттерге бере баштайт. Редактор анын шыгын байкап калып, филология факультетине тапшырууну сунуштайт. Кийинки жылы жакшы мүнөздөмө алып, жазуучулугуна жол ачкан факультетте окуп калат.

«Орус тилди каяктан үйрөнгөнсүң?» — деп сурап калганымда, «Боз Териде ошол убакта эле орустар көп болчу» деген.

Филология факультетинде окуп жатканда орусча үйрөнөйүн деп Евгений Онегинди 12 көчүрүп жазып чыккам дейт. Биринчи көчүргөндө эч нерсени түшүнбөптүр. Кийин жазуучулардын арасында Евгений Онегинден цитата келтирип сүйлөгөн атам эле болчу, анткени жатка билчү.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов арткы катардын так ортосунда турат

Атам өзүнчө жашайм деп үйдөн чыгып кеткен...

Атамдын биринчи жубайынан 3 бир тууганбыз, улуусу мен, 2 карындашым бар. Экинчи жубайынын 1 кызы бар, каза болуп калды...

Ата-энемдин ажырашып кетишине экөөнөн тең күнөө кеткен жок. Жөн гана бири-биринен эс алалык деп эки башка жашап калышкан. Чыгармачыл адам жалгыз болууну эңсеп, тынчтыкты каалап калат. Кийин 1991-жылы атамдын 50 жылдыгын өткөздүк. Ага чейин үй-бүлөсүнөн кетип кала алган эмес, анткени партиядан чыгып калам деп коркчу. Кийин жөн эле үйдөн өзүмчө жашайм деп чыгып кетип калды... Атам бизден кеткенде экинчи жубайына эмес, жөн эле кеткен. Ал экөө кийин таанышкан. Ага чейин 1 жарым жыл мени менен жашады, мен бөлөк турчумун. Ата-энемди жараштырууга аракет кылдым, бирок тыянак болгон жок. 3 жылдан кийин үйлөндү. Экинчи жубайы менен катташып турабыз, сый мамиледебиз...

Атам көзү тирүүсүндө эле көрүстөндөн өзүнө жер алып, коруп койгон...

Атамдын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган жок. Негизи сунуш болуп өкмөттөн акча бөлүндү. Чыгымдарды дагы көтөрүшкөн, ал тургай Түгөлбай Сыдыкбековдун жанына коёбуз дешкен. Бирок, атамдын керээзи боюнча каза болуп калган кызы Мунабиянын көрүстөнүнүн жанына койдук. Байтикте 2012-жылы авария болуп, экинчи никесиндеги кызы каза болуп калган. Ошол окуядан кийин атам өзүн таштап салды...

Акыркы 3 жылда бир дагы сап жазган жок. «Мени Мунашканын жанына коесуңар» деп эрте эле өзүнө көр камдап койгон.

Мен «кыргыздар эрте жер алып даярдабайт» десем, «ой жок мен тиги кемпирге алып койгом» деп кайненесин айтып тамашалаган. Экинчи жубайынын энеси азыр дагы бар, 90дон ашты. Бир күнү чындап кемпир катуу ооруп калбаспы, ошондо атамдын «менин ордумду алган атабы» деп өзүнүн жүрөгү түшүп калган... Эстеликтин сүрөтүн өзү чийип берген. Эстелик шөкөттөлбөй жөн гана кара түстө болсун деп керээз айткан. Аларды аткардым. 
Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

Атам «Мунабия» аңгемесинин урматына кызынын ысымын дагы Мунабия деп койгон

2015-жылы атамдын көзү тирүүсүндө режиссёр Таалайбек Кулмендеев үйгө келген. Ал «мен толук метраждуу тасма тартып көргөн эмесмин. Сиз макул болсоңуз, чыгармаңыздан бирөөнү тасма кылып тартайын» —деп сунуш киргизди. Атамдын эң жакшы көргөн аңгемеси 1982-жылы жазылган «Мунабия» болчу. Совет доорунда бул чыгарманы көп жактырбай, кабыл алышкан эмес, анткени сюжет боюнча чоң эле кишилер бири-бирин сүйүп, бирок бирге болбой, үй-бүлө кура албай калган. Мунабия деген атты өзүнүн кызына берген. Тилекке каршы, ал 17 жашка келгенде жол кырсыгынан каза тапты...

Таалайбек Кулмендеевдин жеке архивинен алынды
Фото Таалайбек Кулмендеевдин жеке архивинен алынды. "Мунабия" тасмасынан алынган кадр

Ошентип, атам макулдугун берип режиссёр экөө сценарий жазып башташат. 14-сентябрда тартуу иштери Боомдун ары жагындагы айылда болмок экен, Таалайбек Кулмендеев сапар тартаардан мурун жазуучуга бир тийип кетейин деп атама келет. Ошол күнү атам каза болду... Режиссёр андан ары өзү иштеди.

Жакында эле Орусиянын Анапа шаарында 27-кинофестивалда «Мунабияга» гран-при беришти. Андан тышкары мыкты сценарий деген сыйлыкка татыды.

Эң көп окулган жаңылыктар