09:12
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Торо Кожошовдун өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоого негиз жок

Ош облустук прокурорунун орун басары Торо Кожошовдун өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоого негиз жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ОИИБдан билдиришти.

Маалым болгондой, тартип сакчылары азыркыга чейин текшерүү иштерин улантышууда. Бирок, көзөмөл органынын кызматкеринин өлүмү өз өмүрүнө кол салуу деп катталып калган.

Эске салсак, Торо Кожошов 10-сентябарда өз үйүнүн короосунда муунуп каза болгон. Анын эмнеге мындай кадамга барган себеби белгисиз бойдон калууда.

Эң көп окулган жаңылыктар