18:01
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстанда 200 үй-бүлө гана балдарды асырап алуу үчүн кезекте турушат

Кыргызстанда 200 үй-бүлө гана балдарды асырап алуу үчүн кезекте турушат. Бул тууралуу тегерек столдун жүрүшүндө маалым болду.

Адистердин маалыматы боюнча, өлкөдө 145 балдар мекемеси бар, алардын 33ү ата-энелер балдарын жашап, билим алуусу үчүн жайгаштырган интернат, 68и мамлекеттик балдар үйлөрү. Ал жакта тарбиялангандардын айрымдарынын атасы же апасы, ал тургай багып ала турган туугандары бар. Мыйзамга ылайык, тоголок жетимдерди гана асырап алууга болот. Ал эми Кыргызстанда алардын саны болгону 5 пайызды түзөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Бермет Барыктабасованын айтымында, бала- бул жөн гана асырап алууга бере тургандай буюм эмес. Анын кийинки тагдырына байкоо жүргүзүү зарыл. Балким, аны багып алган ата-энеси органдарын сатууну ниет кылып жүрөт.

Эң көп окулган жаңылыктар