19:52
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн «жеке ассистент» кызматын киргизүү сунушталды

Кыргызстанда ар дайым көзөмөлгө муктаж болгон мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн «жеке ассистент» социалдык кызматтын жаңы түрүн киргизүүнү сунуштап жатышат. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги аталган долбоорду коомдук талкууга алып чыкты.

Жеке ассистент мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган ата-эне же мыйзамдуу өкүл (бала асырап алуучу) болушу мүмкүн.

«2009-жылдан бери бул маселе көтөрүлүп келе жатат. Бирок, аны ишке ашыруу үчүн акча каражаты жетишсиз болду», -деп жазылат маалыматта. Аталган маселени чечүү үчүн министрлик жеке ассистент кызматын киргизүүнү чечти. Аларга кызмат үчүн жалпы 357 миллион 264 миң сом төлөнүп берилери айтылууда.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда 6 миңге жакын ар дайым көзөмөлгө муктаж болгон мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар.

Эң көп окулган жаңылыктар