13:17
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тарых музейине ар бири 147 миң сомдук отургучтар сатылып алынган

Тарых музейинин кафетерийи үчүн 147 миң сомго кофе кайнаткыч аппарат сатылып алынды. Бул тууралуу «Ата Мекен» фракциясынын отурумунда УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директорунун орун басары Талантбек Кожонов билдирди.

Айтымында, аттардын скульптурасын 22 миң еврого сатып алышкан. Депутаттар эмнеге баанын мынчалык жогорулаганын түшүнүшпөй баштары маң. Май айында аларга аттарды 14 миң евродон сатылып алынганын айтышкан эле.

«Биздин адистер Украинадан ушундай эле аттарды 5 миң доллардан табышкан», — деди фракциянын лидери Алмамбет Шыкмаматов.

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, отургучтарды сатып алууга 6 миллион сом коротулган. Ар бир отургуч 147 миң сомдон айланды.

Эң көп окулган жаңылыктар