03:25
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстанга 157 бала бакча жетишпейт

85 балдар бакчасынын имараттарын мамлекеттик жана административдик органдар ээлеп алышкан. Бул тууралуу «Республика — Ата Журт» фракциясынын отурумунда билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Айтымында, эгерде аталган имараттар кайтарылса, балдар бакчасына кезек күткөндөрдүн саны 50 миң кишиге кыскарат.

«Мектепке чейинки билим берүү мекемелери толуп калган. Дагы 157 бала бакча куруш керек. Буга акча каражатын бөлүү зарыл. Премьер-министр тиешелүү токтомду берди», — деди Гүлмира Кудайбердиева.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума