09:41
USD 87.45
EUR 90.04
RUB 0.85

Уланбек Султангазиев: Көчмөндөр оюндарында президентке мөңгү суусун бермек элем

Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземинде мөңгү суусу тууралуу тартылган роликке көпчүлүк күбө болду. Анда баш каарман эки жагы жалама зоо, ак кар көк муздун ортосунан өтүп, колундагы идишке мөңгү суусун толтуруп алып келет эмеспи. Дал ошол роликтин каарманы сүрөтчү, актёр Уланбек Султангазиев тартуу иштери тууралуу 24.kg агенттигине айтып берди. 

Уланбек Султангазиевдин жеке архивинен
Фото Уланбек Султангазиевдин жеке архивинен

-Саламатсызбы! Алгач кепти көчмөндөр оюндарынан баштасак, роликке тартылыпсыз, тартуу иштери кайда, качан болду?

-Бул ролик III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 15 күн калганда тартылган. Хан-Теңир тоосуна учуп барып тартылдык. Баш аягы үч күн жүрдүк, 7030 метр бийиктикте болгондуктан андан көп жүрө албайт элек.

Негизи иш-чаранын планы, программасы боюнча ачылыш аземинде мөңгүдөн суу алып келип, тууну ошол жакка сайып, анан роликти көргөзүп президентке суу бермек элем. Кийин программалар өзгөрүлүп кетип, суу бербей калдым.

Ал эми көчмөндөр оюндарына катышуу тууралуу сунушка башынан эле макул болгон эмесмин. Өзүмдүн жеке иштериме байланыштуу бара алган жокмун. 

— Негизи эле тасма жаатына кантип аралашып калдыңыз? Атайын билимиңиз барбы?

-Өзүм Көркөм сүрөт академиясын аяктагам. Кийин кино коюучу, кино сүрөтчү, декорация коюучу болуп иштеп баштадым. Ошентип, бара-бара киного аралашып кеттим. Бирок, тасма жаатында атайын билимим, дипломум жок, тартылган тасмаларым мен үчүн билим, тажрыйба болду.

-Тасмага актёр катары тартылган жагабы же кинонун артында сүрөтчү болгон жакшыбы?

-Экөө тең жагат. Көп эле тасмаларга тартылдым, тилекке каршы купулума толгон жок. Тартылган тасмаларым актёрдук чеберчилигиме тажрыйба болду деп ойлойм. Такшалуу жакындап калды. Буга чейин тартылгандарыма ичим жылыбайт, кино жаатында мактанаарлык роль ойной элекмин. Буюрса күздө жемиш бышты деп коёт, мен азыр вулкандай жара албай турам... Баарына даяр болуп турган чагым.

Уланбек Султангазиевдин жеке архивинен
Фото Уланбек Султангазиевдин жеке архивинен

-Кумир туткан актёрлоруңуз барбы?

-Албетте, бар. Кыргыздын Союз маалындагы залкар артисттери Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов, Орозбек Кутманалиев, Муратбек Рыскулов, мына ушул инсандардын баарын кумир тутам.

-Сүрөтчү катары көргөзмө уюштуруу тууралуу пландарыңыз барбы?

-Эн башкы тилегим, максатым десем болот. Сүрөт аябай тарткым келет, бирок чолоо табылбайт. Алдыда жеке көргөзмө ачуу ниетим бар. 

Уланбек Султангазиевдин жеке архивинен
Фото Уланбек Султангазиевдин жеке архивинен

-Акыркы суроо, жеке жашооңуз тууралуу айтып берсеңиз?

-Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунан болом. Төрт бир туугандын экинчиси, үч кыздын арасындагы жалгыз эркекмин. Чоң ата, чоң энемин колунда өскөм. Учурда бойдокмун.

-Маегиңизге ракмат, чыгармачылык ийгилик каалайбыз!  

Эң көп окулган жаңылыктар