Чүй облусуна караштуу Жайыл районундагы Сосновка айыл өкмөтү кара куурайды жок кылуу үчүн чөп чапкыч техникасын сатып алат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылган.
Маалыматка караганда, 2 гектар аянтта өскөн кендирди чабуу пландалууда. Жергиликтүү бюджеттен 2,6 миң сом бөлүндү.