17:09
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Дизайнер Эльвира Султангазиева: Көчмөндөр оюндарына карата 1612 кийим тиктик

III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземдеринде көздүн жоосун алган, биринен-бири көркөмдөлүп, шөкөттөлүп жасалган кийимдер жергиликтүү элдин гана эмес, четтен келген меймандардын кызыгуусун жаратты. Бул эмгектер дизайнер Эльвира Султангазиевага таандык. Бирдиктүү мектеп формасынын автору, көчмөндөр оюндарында костюмдардын башкы дизайнери болгон Эльвира айым 24.kg агенттигине жасаган эмгектери тууралуу айтып берди. 

-Саламатсызбы! Көчмөндөр оюндарында костюмдардын башкы дизайнери болгон экенсиз?

-Саламатсыздарбы! III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жабылыш аземинде костюмдардын башкы дизайнери болдум. Буга чейин 3 ай мурун сүйлөшүүлөр болуп, атайын комиссия иштеримди жактырышкан. Ошентип оюнга чакырышты. Жалпысынан 1612 кийим тиктик. Ал жерде башкы каармандар Камбар ата, Умай эне, Күн адамы, манасчы, темир уста, Манастын образын жараткан каармандардын костюмдарын, андан сырткары сахнада театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүшкөн актерлор жана музыканттардын костюмдары, барабан, сурнай черткендер, комузчулар, ооз комузчулар, каскадерлор, цирк артисттери мына ушулардын костюмдарын тиккенбиз.

-Кесибиңиз боюнча иштеп жатасызбы?

-Ооба, өз кесибим боюнча иштеп жатам. 2002-жылы Н. Исанов атындагы Курулуш, унаа жана архитектура университетинин дизайнерлик факультетин бүтүргөм. Мен өз эмгектеримде этникага басым жасайм, анткени өлбөс, өчпөс нукура байлыгыбыз деп айткым келет. Мен шоу-бизнестин көптөгөн өкүлдөрүнө кийимдерди тигип жүрөм. Мага кайрылгандардын саны аябай көп деп айта албайм, шүгүр, чакан аудиториям бар.

-Көчмөндөр оюндарына карата тиккен кийимдериңиз өз максатына жетти деп ойлойсузбу?

-100 пайыз купулума толду деп айтуудан алысмын, себеби, ар бир жасалган иштин артында «кап мындай кылсам болмок экен» деп толуктоо ой-пикирлер калып калат. Ар бир нерсени жасап, ишке ашыруу менен үйрөнбүз, өсөбүз. Кылынган иш тажрыйба, улам топтоло берет. 

100 пайызга деген ой эч качан болбойт, «дагы деле мындай кылып койсом болмок» деген көз караш калат.

Менин колумдан жаралган кийимдерди бала бакчага бара турган наристелерден тарта легендарлуу фольклордук ырчыларга чейин кийишет. Кыскасы кардарларыбыз ар түрдүү курактагылар.

-Атайын тигүү цехин иштетесизби?

-Чакан тигүү цехибиз бар, командада 11 киши. Көчмөндөр оюндарына карата 60ка жакын киши менен иштештим. Аткени, өтө кыска мөөнөттө алдыбызда оор маселе турду. Күнү-түнү тынымсыз иштедик. Намыс деген жейт экен, кылыш керек, жакшы болуш керек деген максат коюп иштедик.

-Маегиңиз үчүн ракмат, ийгилик каалайбыз! 

Эң көп окулган жаңылыктар