04:48
USD 69.83
EUR 78.79
RUB 1.03

Ошто 4-кабаттан энеси менен кошо кулаган наристенин абалы оор

Ошто 4-кабаттан энеси менен кошо кулаган наристенин абалы оор. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, баланын баш мээси жаракат алган. Дарыгерлер наристенин башында пайда болгон шишикти алып салуу чечимин кабыл алышты. Ал эми анын энесинин абалы туруктуу.

Эске салсак, Ошто 40 жаштагы аял кичинекей баласы менен 4-кабаттан боюн таштаган. Билдирүүгө ылайык, ал күйөөсү менен ажырашкандан кийин өз өмүрүн кыюуга аракет жасаган.

Эң көп окулган жаңылыктар