20:23
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

«Мунабия» фильми баш байгени жеңип алды

Орусияда өткөн «Киношок» эл аралык фестивалында кыргызстандык кинорежиссер Таалайбек Кулмендеевдин «Мунабия» фильми баш байгени жана «Мыкты сценарий» сыйлыгын жеңип алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине тасмада роль жараткан актер Уланбек Султангазиев билдирди. 

Айтымында, актер тасмада баш каармандын жаш кезин ойногон.

«Түркияда иштер менен жүргөм, режиссер менен буга чейин тааныш болгондуктан, ал мени тасмада роль жаратып берүүмдү суранды. Башкы каармандын жаш кезин ойнодум. Тасма Бишкекте жана Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде тартылды», -деди актер. 

«Киношок» -КМШ жана Балтика өлкөлөрүндө өтүүчү ачык эл аралык фестиваль. Быйыл 26-жолу Анапа шаарында өттү. 




 
Эң көп окулган жаңылыктар