00:30
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Башкы прокуратурасы Евгений Гуревичтин айткандары боюнча териштирүү жүргүзөт

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Евгений Гуревичтин айткандары боюнча териштирүү жүргүзө баштады. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна мекеменин басма сөз кызматынын башчысы Наргиза Куватова билдирди.

«Евгений Гуревич «Азаттык» радиосуна курган маегинде айткан дооматтары боюнча Башкы прокуратуранын тийиштүү башкармалыктары текшерүү жүргүзүп жатышат», — деди ал.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарып кеткенин алардын финансылык кеңешчиси болгон, Кыргызстанда бир нече кылмыштар боюнча сыртынан соттолгон, азыр АКШда шарттуу абакта отурган Евгений Гуревич жакында «Азаттык» менен маегинде билдирген. Гуревич 2015-жылы Кыргызстандын прокуратурасынын өкүлдөрү Алабамага келип, аны менен жолукканын айткан.

Ошондой эле ал Бакиевдер Кыргызстандан чыгарып кеткен миллиондор тууралуу көрсөтмө берүүгө даярдыгын айтып кызматташууну сунуштаганын, бирок кыргызстандык прокурорлор аны менен жолуккандан кийин такыр байланышка чыкпай койгонун билдирген.

Парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Гуревичтин айткандары боюнча парламентте маселе көтөрүлөрүн айтууда. Ал белгилегендей, 2015-жылдары прокуратуранын кайсы кызматкерлери Гуревич менен жолугушууга барганы суроо жаратып жатат.

Башкы прокуратураны 2011-жылдын апрелинен 2015-жылдын январына чейин башкарып турган Аида Салянова «Бакиевдер өлкөдөн чыгарып кетти» деген миллиондогон акчаны кайра Кыргызстанга кайтаруу жаатында бир топ аракет көргөнүн, бирок анын баары кийин ал кызматтан кеткен соң унутта калганын, Алабамага барбаганын жана Гуревич менен жолукпаганын айтууда.

Эң көп окулган жаңылыктар