02:08
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Павел Глобус Бишкекке жол чырактын кереги барбы деп таң калат

Павел Глобус- белгилүү саякатчы-блогер. Ал кайсы гана өлкөнү кыдырбасын социалдык түйүндөргө өлкө тууралуу видеолорду жана сүрөттөрдү байма-бай жүктөп, элди кабардар кылып турат. Павел Глоба кесиби боюнча юрист. Бирок, өз кесибин таштап, экзотикалык өлкөлөрдү кыдырууну эп көрдү. Учурда ал кыдырган өлкөлөрдүн саны 43кө жетти. Айтымында, 400 шаарды саякаттап, жакындан тааныды.

Каарманыбыздын алгачкы саякат кылган өлкөсү Кыргызстан болуп калды. Ал тоолуу жерге көнүп алгандыктан, мында 5-жолу келип отурат. Ал тургай Кыргызстандын жарандыгын алуу тууралуу ойлору дагы бар.

— Жергиликтүү калк менен таанышкандан кийин сизди таң калтырган нерселер болдубу?

— Кыргызстанга алгачкы жолу 2016-жылдын январында келгем. Анткени, ал кезде арзан билет таап калып, Кыргызстандын аймагын кыдырууну чечкем. Ага чейин бул жерде такыр болгон эмесмин, блогерлик менен деле активдүү түрдө алектенчү эмесмин. Дал ушул өлкөдөн блогер катары калыптандым десем болот. Чынын айтсам, алгач жаман таасирлер болгон. «Оо, Кудай, бул жерде кантип жашаса болот?», -деп ойлогом.

— Эмнеге?

— Баардыгы аба майдандан башталды. Шаарга чейин жеткире турган унаа кызыл жол чырак күйүп турганына карабай, фарасын жандырып белги берип жолдон өтүп кеткен.

«Эч ким жок го, фараларды жандырганымдын себеби, кызыл күйгөндө өтүп баратам, абайлагыла деген белги», — деп жооп берген мага айдоочу. Дагы бир жолу түн ичинде такси менен бара жаткам. Айдоочу жашыл жанганда кетип бараткан, жолдо дагы эч ким жок болчу. Бирок, фарасын жандырып, белги берип койду. Чыдабай кетип, «Сиз эмнеге белги берип атасыз? Ансыз деле жашыл күйүп өз жолуңуз менен бара жатасыз», — дедим.

Ал мага жашылда кетип баратканын жана ага башкалар жол бериши керектигин билдирүү үчүн белги бергенин айткан. Жолдоштор, мындай айдоо маданияты менен Бишкекке жол чырактын кереги не?

— Чынын айтсам, мен сизден эмнелери таң калтырды деп сурадым. Сиз болсо мага биздин айдоочулардын маданиятсыздыгы тууралуу айтып бердиңиз...

— Мага бул жактын адамдары жакты. Мен жайкысын экинчи жолу келгенде жергиликтүү жашоочулар абдан жакшы тосуп алышты. Көптөгөн жакшы кишилер менен тааныштым.

— Улуттук ашкананын кайсы тамактарын жактырасыз?

— Мага баары жакты. Суусундуктардан жарманы, тамактардан палоону жактырам.

— Кыргызстанга бир канча жолу келиптирсиз, сиздин оюңузча Бишкек өзгөрүп жатабы?

— Бак-дарактары кыйып, бетон куюп салышты. Сапаты да начар. Бишкекте бирдиктүү архитектуралык стиль жок, ар ким каалагандай кура берет. Ал эми жакшы жагын айтсам, тазараак болуп калды. Соода борборлорунун саны өстү. Өнүгүү бар, бирок бак-дарактарга боорум ачыды.

Эң көп окулган жаңылыктар