20:45
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Темир Назаров: Жылдыз оорусу менин мүнөзүмө дал келбейт

Темир Назаровдун жеке архивинен
Фото Темир Назаровдун жеке архивинен

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын гимнин аткаргандардын арасында ырчы Темир Назаров дагы бар. Мекенчил ырларга басым жасаган ырчы 24.kg агенттигине  жаңылыгы менен келип, жакында күйөрмандарына сунуштоо алдында турган чыгармалары жөнүндө айтып берди. 

 Өзбекстан жана Казакстандагы кесиптештер менен жаңы чыгармалардын үстүндө иштеп жатабыз. Буйруса, угуучуларыма жакшы ырларды тартууласам деп пландап турам. 

- Сиз ыр жазып, обон чыгарасызбы?

- Албетте айрым учурларда обонун да, сөзүн дагы жазууга туура келет. Зарылчылык болуп эргүү келгенде  гана ырды толук өзум жазып калам. Ырдап жүргөн отуздай ырымдын беш-алтоо эле. Мен ырлардын саны эмес сапатына көңүл бурам. 

- «Арнайм сага» аттуу ырыңыздын клиби коомчулукта кызуу талкууга алынды. Буга өзүңүз бушайман болгон жоксузбу?

- Мен бул клипте өтө аша чапкан деле ката кетирдим деп айта албайм. Ар кимдин өзүнүн музыкага болгон табити бар, ошондуктан бушайман болбойм. Биз искусствонун адамдары дайыма изденүүдө жүрөбүз. Жаңы бир жагдайларды көрсөткөнгө аракет жасайбыз. Бул эмгегимдин угарманы, көрөрманы бар деп ишенем.

-Ырчылык - сиз үчүн негизги кесиппи?

-Балким, бир учурда хобби катары болсо керек. Бирок, азыр кесибим деп тайманбай айтам. Анткени менин негизги киреше булагым. Сиздер жакшы билгендей, мен негизинен патриоттук ырларды аткарууга басым жасайм. Угармандар да ошону көп суранышат. Ал эми чыгармаларымдын арасында бирин экин чыгыш стилиндеги ырлар бар.

Темир Назаровдун жеке архивинен
Фото Темир Назаровдун жеке архивинен

-Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз.. Канча балалуу болдуңуз?

-Негизи жеке жашоо жөнүндө сөз кылууну туура эмес деп ойлойм. Менин угармандарыма үй-бүлөм эмес, чыгармаларым көбүрөөк кызыктуу болсо керек.

-Чыгармачылыкта досторуңуз барбы?

-Чыгармачылыкта баары менен жакшы, сый мамиледемин.

-Биз кездерде Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров менен мушташты деп жалган жалаа жаап, айрым ЖМК жазып чыгышкан. Азыр деле ошондой кептер ээрчийби?

-Мени жакындан таанып билген адамдар чырга жакын эмес экенимди жакшы билишет. Өзүм да болушунча чыр-чатакка аралашпаганга аракет кылам. Ошондуктан айтылган сөздөр чындыкка дал келбейт.

-Жылдыз оорусу менен оорудуңуз беле?

-Кыргызда жакшы сөз бар «көрбөгөндүн көргөнү курусун» деген. Ошондуктан, жылдыз оорусу менен ооруган менин мүнөзүмө дал келбейт.

-Наам алдыңыз беле? Жеке концерт берүүнү ойлоно элексизби?

-Ооба. Он жылдык чыгармачылык жолумда, маданияттын мыкты кызматкеринен тартып Президенттин ардак грамотасына чейинки наамдарды алдым. Буйруса келечек алдыда, биз багынта турчу бийиктиктер көп. Албетте, жакшы ниеттер менен жакшы пландарды коюп жатам. Жеке концерт берүү боюнча ойлонуп жүрөм, бирок бышып жетиле элек. Бул дагы жараткандын буйругу менен экен.

-Маегиңизге рахмат, ийгилик каалайбыз!

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума