Кыргызстанда доллар курсунун өсүшү уланууда. Сутка ичинде 30 тыйынга жогорулап, 70 сомго жакындап калды.
Бүгүн акча алмаштыруучу жайлар жана коммерциялык банктар долларды 69,1-69,3 сомдон сатып алып, 69,55-69,7 сомдон сатышууда. Акыркы 10 күн ичинде жашыл акча 70 тыйынга кымбаттады.
Эске салсак, доллар Кыргызстанда августтун орто ченинде кымбаттай баштаган. Ага Орусияга каршы санкциялар себеп болгон.