06:39
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Көчмөндөр оюну. Кыргызстандын курама командасынын капчыгында 78 медаль бар

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын учурдагы жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасынын капчыгында 78 медаль бар. Алардын 30у алтын, 25и күмүш жана 23ү коло. Бул тууралуу көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди.

Кыргызстан медалдык эсепте өлкөлөрдүн арасында биринчи орунда келе жатат. Орусия 16 алтын, 9 күмүш жана 18 коло медаль менен 2-орунга чыкты. Кийинки тизмеге 11 алтын 17 күмүш жана 21 коло медаль менен Казакстандын спортчулары илинди.

4-5-орундарда Түркмөнстандын жана Венгриянын курама командалары келе жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар