Бүгүн, эртең Ош шаарынын айрым аймактарында жаратылыш газы берилбейт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын коом менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, оңдоо иштерине байланыштуу газ берүү төмөнкү даректерде чектелет.
- 6-сентябрда Памир, Курманжан Датка, Мамажан, Давыдов, Навои көчөлөрүндө;
- 7-сентябрда Фергана көчөсүндө.