10:22
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Көчмөндөр оюндары. Түркмөн күрөшү боюнча кыргызстандыктар 2 күмүш медаль утту

III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы ден соолукту чыңдоочу спорт комплексинде түркмөндөрдүн күрөш (гүреш) боюнча мелдеш аяктады. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары 24.kg агенттигине маалымдады.

Аталган мелдешке 14 өлкөдөн 32 спортчу катышты. Маалым болгондой, 62 килограммга чейинки салмак ченинде 1-орунду түркмөнстандык балбан ээледи. Кийинки орунду казакстандык, 3-орундарды орусиялык жана казакстандык спортчулар багындырышты.

Ал эми 82 килограммга чейинки салмак ченинде биринчиликке түркмөн балбаны ээ болду. Күмүш медалды кыргызстандык спортчу Руслан Таабалдиев тагынды. Коло медалдын ээлери болуп молдовиялык жана грузиялык балбандар аталышты.

Ошондой эле абсолюттук салмак катергориясында алтын медалды түркмөн балбаны илип кетти. Кийинки байгелүү орунду кыргызстандык Байышбек Тажыбай уулу алды. Коло медалды казакстандык жана өзбекстандык спортчулар тагынышты.

Бүгүн саат 16:00дө кыргыз күрөшү башталат.

Учурда медалдардын саны боюнча Кыргызстан алдыда келе жатат. Кийинки орундарда Орусия, Казакстан турат.

Эң көп окулган жаңылыктар