20:35
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Көчмөндөр оюну. Салбуурун боюнча сынакта Кыргызстан 1-орунду жеңип алды

III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында маданий жана спорттук иш-чаралар уланууда. Учурда Салбуурундун жеңүүчүлөрү аныкталды. Анда 1-орунга «Оймок» аттуу бүркүтү менен Кыргызстандык ээ болуп, 50 миң сом байгени утуп алды. Бул тууралуу уюштуруучулар 24.kg агенттигине билдиришти. 

Кийинки 30 миң сомдук байгени Орусия, 3-орунду Казакстан багындырып, 15 миң сом утуп алды.

Салбуурун оюнунун жүрүшүндө далба ойнотуу боюнча биринчи жана экинчи орундарды кыргызстандыктар, 3-орунду өзбекстандыктар ээлешти. Аталган мелдешке жалпысынан 5 өлкөдөн 19 катышуучу ат салышты.

Мындан тышкары тайган жарыштын жыйынтыгында 1-орунду Бириккен Араб Эмираты, кийинки орундарды Кыргызстан жана Орусия алды.

Эң көп окулган жаңылыктар