06:01
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кыргызстандык спортчулар мас-рестлинг боюнча 11 медаль жеңип алышты

Мас-рестлинг боюнча финалдык оюндардын жыйынтыгы боюнча медалист спортчулардын аттары белгилүү болду.

Эркектер менен аялдардын арасында ар кандай салмактык категорияларда медалдардын 12 комплектиси ойнотулду. Мелдешке 26 өлкөдөн 122 спортчу катышты.

60 кг салмактык категорияда кыргызстандык Бекжан Өмүралиев алтын медалдын ээси болду. Экинчи орунду Азербайжан спортчусу Расул Сафаров ээледи. Үчүнчү орунду Ислом Абдумаликов (Өзбекстан) жана Медет Есбулаев (Казакстан) өз ара бөлүшүштү. 

70 кг салмактык категорияда алтын үчүн болгон таймашта кыргызстандык спортчу Кудайназар Алиев Россиядан келген спортсмен Александр Рахлеевге алдырып жиберди. Спортчулар Шамет Темирлан (Казакстан) жана Алексей Кушнир (Украина) коло медалдарга татыктуу болушту.

80 кг салмактык категорияда биринчи орун үчүн кыргызстандык спортчу Аскат Джунушев жана россиялык Семен Атаков чыгып, россиялык спортчунун жеңиши менен аяктады. Спортчулар Сежеди Алиакбар (Иран) менен Султан Агаев (Азербайджан) коло медалдардын ээлери болушту.

90 кг салмактык категорияда финалдык таймашта алтын медалды кыргызстандык спортчу Азат Таштанбеков жеңип алды. Анын атаандашы россиялык Данил Моисеев күмүш байгенин ээси болду. Спортчулар Абрар Багерпур (Иран) жана Илиоз Кадыров (Өзбекстан) үчүнчү орунду өз ара бөлүп алышты.

Аялдар арасындагы мелдештер беш салмактык категорияда өткөрүлдү.

55 кг салмактык категорияда аялдар арасында Россиядан келген спортчу кыз Сардана Осипова жеңүүчү болду. Финалдык таймашта ал Өзбекстандан келген атаандашы Регина Муляшеваны жеңип алды. Кыргызстандык спортчу Эльза Абдыкадырова жана россиялык Людмила Казакова коло байгенин ээлери болушту.

65 кг салмактык категорияда финалга кыргызстандык Кымбат Нуржанова жана Россиядан келген спортчу кыз Алина Турчина чыгышты. Алина Турчина таймаштын жеңүүчүсү болду. Спортчулар Анна Ваганова (Россия) жана Фанни Ребека Варга (Венгрия) коло медалдарды алышты.

75 кг салмактык категорияда россиялык спортчу Саина Седалищева биринчи орунга татыктуу болду. Экинчи орунду Азербайжандык спортчу кыз Наргиза Ибрагимова ээледи. Үчүнчү орунду спортчу кыздар Мадина Элиева (Өзбекстан) жана Любовь Малеева (Кыргызстан) бөлүп алышты.

85 кг салмактык категорияда алтын медалды Украинадан келген спортчу Ирина Заславская багындырды. Казакстандык спортчу Дарья Нестерова күмүш байгени алды. Сандра Бенигши (Венгрия) жана Назия Майлибашева (Кыргызстан) коло медалды жеңип алышты.

85 кг жогору абсолюттук салмактык категорияда россиялык Светлана Тихонова АКШдан келген атаандашы Халл Линдзини утуп алды. Үчүнчү орунду спортчулар Дилдора Рахмонова (Кыргызстан) жана Ашури Хиния (Иран) багындырышты.

Мас-рестлинг боюнча жалпы байге фонду 770 миң сомду түзөт. Алтын медалдын ээлери 50 миң сомдон, күмүш байгеге ээ болгондор 30 миң сомдон жана коло байгени багындыргандар 15 миң сомдон алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар