14:28
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Көчмөндөр ааламы. Этно-маданий фестивалга 400гө жакын чет элдик мейман катышты

«Көчмөндөр ааламы» аталышындагы эл аралык этно-маданий фестивалга 400гө жакын чет элдик меймандар катышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине катышуучулар билдиришти. 

Маалыматка караганда, иш чаранын алкагында этнохит, этнобазар, этномода, этноүй, этнобий, этносаркеч кароо сынактары уюштурулду. Мындан сырткары фольклордук, эстрада жанрындагы ырлар ырдалып, жергиликтүү жана чет элдик өнөрпоздор «Талаа шамалынын ырын» бирге аткарышты.

Иш чарага монгол, корей, араб, якут, казак, кыргыз, жапон жана башка улуттун өкүлдөрү катышты.

Эң көп окулган жаңылыктар