15:15
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тажикстанда кирешесин жана мүлктөрүн жашырган аткаминерлер иштен алынат

Тажикстанда мындан ары кирешелери менен мүлктөрү тууралуу маалыматтарды жашырган мамлекеттик чиновниктер жумуштан алынат.

Өкмөттүн мындай сунушу 3-сентябрда парламент депутаттары тарабынан бир добуштан колдоо тапты. Эми аткаминерлер кирешеси жана мүлкү тууралуу салык органдарына гана эмес, өз жетекчилерине дагы отчет берип турууга милдеттүү болушат.

Тажик парламентинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жаңы өзгөртүүлөр мамлекеттик кызматкерлердин кирешелери тууралуу декларацияларынын ачык болушун камсыздоого багытталган.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген парламент депутаттарынын биринин айтымында, мындан ары мамлекеттик кызматкерлер кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү, банк эсептери, баалуу кагаздары, 25 миң сомониден ашкан насыялары жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлктөрү тууралуу бардык маалыматтарды берүүгө милдеттүү болушат. Эгер чиновник туура эмес же толук эмес маалымат бере турган болсо, анда ал ээлеген кызматынан кетирилет.

Жаңы демилге жемкорлукка каршы күрөшүү тууралуу мыйзамдын талаптарына жооп берет жана FATF (Financial Action Task Force) эл аралык уюмунун сунуштарын аткарууга багытталган. Аталган уюм акча изин жашырууга каршы күрөшүү тармагындагы эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу менен алектенет.

Эң көп окулган жаңылыктар