17:46
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Көчмөндөр оюндары. 23 медаль менен алдыда Орусия келе жатат

III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында спорттук иш-чаралар, ал эми Кырчын этно шаарчасында маданий иш-чаралар жүрүп жатат.

Учурда аталган спорттук мелдештердин 3-күнкү жыйынтыгы боюнча 23 медаль менен алдыда Орусия келе жатат. Алардын капчыгында 11 алтын медаль бар. Бул тууралуу 24.kg агенттигине спорттук иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.  Кийинки орунда Казакстан, 3-орунда 18 медаль менен Түркмөнстан турат. Ал эми Кыргызстан учурда 4-орунда келе жатат. 

Эске салсак, кечээ Чолпон-Ата-шаарындагы ат майданда 80 чакырым аралык боюнча ат жарыш, көк-бөрү, пахлавани, казак күрөшү, мас-рестлинг , тогуз коргоол боюнча мелдештер жүргөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума