08:11
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Көчмөндөр оюну. Медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны 250 кишиге жетти

Кырчын жайлоосунда медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны 250 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, кайрылгандардын басымдуу бөлүгү гипертониялык кризис, ар кандай жаракаттар, аллергия, зат алмашуунун бузулушу сыяктуу оорулар менен жабыркагандар.

Аталган аймакта күнү-түнү 3 медициналык топ нөөмөттө турушат. Мобилдик клиника менен көчмө лаборатория дагы иштеп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума