08:30
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Түркменстандагы жана Казакстандагы диний жайларга теңтайлашкан мечит

Бишкекте жаңы борбордук мечит ишке берилди. Анын ачылуу аземине Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Кыргызстандын башчысы Сооронбай Жээнбеков катышкан.

Диний мекеме Борбордук Азиядагы эң ири жана кооз мечиттердин бири болмокчу. Ашхабаддагы «Түркменбашы руху» (аянты 18 миң чарчы метр) жана Астанадагы «Хазрет Султан» (17 миң гектар) мечиттери менен атаандаша алат.

Мечит тууралуу бир нече факт.

— Имам Сараксий атындагы мечиттин курулушуна Түркия 25 миллион каражат бөлгөн. Бирок, ага чейин муфтият марафон өткөрүп, 13 миллион 140 миң 856 сом топтогон.

— Мечиттин аймагында «Ысык-Көл» кинотеатры жайгашып, анда Арсен Өмүралиев атындагы шаардык театр иш алып барчу. 2015-жылы кинотеатрдын имаратын бузуу чечими кабыл алынат. 2009-жылы президенттин буйругу менен жер муфтиятка 49 жылга ижарага берилет.

— Мечитти курууу үчүн 22 бак кыйылган. «Жашылдандыруу» ишканасы аны мыйзамсыз деп таап, мамлекетке 134 миң сом зыян келтирилгенин айтып, муфтиятка айып салат.

— Мечиттин аянтты — 3 гектар 20 соток (500 чарчы метр). Бийиктиги 40 метрди түзүп, мунараларынын узундугу 70 метрге жетет. Маалыматка караганда, имарат Түркиядан алынып келинген мраморлор менен капталган. Ичин түрк чеберлери кооздоп, полу жылууланган жана видео көзөмөл камералары, лифт сыяктуу бир катар керектүү шарттар менен камсыздалган. Жалпысынан 10 миң адамды батыра алат.

-Имарат Анкара шаарындагы Кожотепе мечитине окшоштурулуп курулган жана ярустарынын санынан гана айырмаланат. Ал эми мечитке келгендер үчүн бекер унаа токтотуучу жайы да каралган.

— Түркия тарап мечитти Кыргызстандын колдонуусуна өткөрүп берди.

Эң көп окулган жаңылыктар