USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Көчмөндөр оюндары. Улуттук кийимдердин көргөзмөсү өтүүдө

12:20, 04 сентября 2018, Бишкек - 24.kg
Элеонора КЫДЫРОВА

III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын этно шаарчасында Нарын менен Ысык-Көл облусунун өкүлдөрү улуттук кийимдердин көргөзмөсүн элдин сынына коюшууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова 24.kg агенттигине билдирди.

Маалыматка караганда, учурда этно шаарчада эркек, аял жана балдарга тиешелүү улуттук кийимдердин кароо сынагы жүрүп жатат.

Эске салсак, бүгүн Чолпон-Ата-Шаарындагы ат майданда жана спорттук комплексте, Кырчын жайлоосундагы этно шаарчада маданий жана спорттук иш-чаралар өтуп жатат. Ага чет элдик өкүлдөрдөн тышкары облус аймактарынан келген меймандар күбө болушууда.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика