11:05
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Түрк тилдүү мамлекет башчыларынын Чолпон-Атадагы жыйыны. Коопсуздук, биримдик.

Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешинин VI саммити өттү. Ага Азербайжандын башчысы Илхам Алиев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышты.

Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев жана Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан саммитке ардактуу конок катары күбө болушту.

Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешине төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өттү.

ТТМКга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Уюмдун ишмердигин мындан ары карай өркүндөтүү боюнча кадамдарды, экономика, соода, транспорттук коридорлорду пайдалануу, ишкердикти өнүктүрүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу маселелерин талкуулашты.

Маалыматтарга караганда Илхам Алиев менен Режеп Тайип Эрдоган Толуу Карабах маселесин козгогон.

Саммиттин жыйынтыктары боюнча бир катар документтерге, анын ичинде Биргелешкен декларацияга кол коюлду. Венгрияга Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы Кеңешинде байкоочу статусу ыйгарылды. 

Кеңештин алгачкы жыйыны 2011-жылы Казакстанда өткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби