17:50
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында түркмөн командасы үч медаль утту

2-сентябрда башталган Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында түркмөн атлеттери үч медаль утушту. Түркмөн командасы үчүн тажик улуттук бел күрөшү — «гуштини милли камарбанди» ийгиликтүү болду.

Түркмөн мамлекеттик маалымат агенттиктери кабарлагандай, 100 килограммдан ашык салмакта күч сынаган Спорт жана туризм улуттук институтунун студенти Аннамырат Мырадов алтын медаль тагынды. Мындан тышкары жеңүүчү эң маанилүү турнирлердин бири «Көчмөндөрдүн улуу күрөшү» мелдешине катышуу укугун алды.

Күрөштүн ушул эле түрү боюнча 68 килограммга чейинки салмакта Бегенч Ягмыров экинчи, 82 килограммга чейинки салмакта Силапберди Нурыев үчүнчү орунду багындырды.

2-сентябрда башталган Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда 8-сентябрга чейин уланат. Ага 70ке жакын өлкөдөн үч миңге жакын спортчу катышууда. Алар спорттун бир канча улуттук түрлөрүнөн күч сынашат.

Жалпысынан 594 медал ойнолот. Анын 174ү алтын, 173ү күмүш, 247си коло. Жалпы байге фонду 28 миллион сом деп бекитилген.

Эң көп окулган жаңылыктар