16:34
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Көчмөндөр оюндары. Аба майдан келген меймандарды тосуп ала баштады

Кыргызстандын негизги аба майданы III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген меймандарды тосуп ала баштады. Коноктордун жана катышуучулардын агымы күндөн күнгө көбөйүүдө. Бул тууралуу ДКОнун катчылыгынан билдиришти.

Паспорттук контролдон өткөрүү пунктунун алдынан улуттук кийим кийген ыктярчы кыздар чет өлкөлүк өкүлдөрдү, маданий жана спорттук делегаттарды тосуп алышууда, алар келген конокторго жайгашуу жайлары жана логистика боюнча түшүндүрүшүүдө.

Ошондой эле чет өлкөлүк ММКнын өкүлдөрүн атайын даярдыктан өткөн, англис, немец, түрк, араб, корей тилдерин билген 50 ыктярчы тосуп алып коштоп жүрүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар