07:18
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Байыш Момунов: Сынды туура кабыл алганга аракет кылам

90-жылдардын ортолорунда «Анын мерседеси бар» деген ырды ырдап чыккан «Жаныш-Байыш» тобу эсиңиздердеби? Ал кезде сахнага жаңы аттанган ырчылар клип тартып, эл оозуна тез алынган. Кийин аталган топ тарап, талант ээлери өз алдынча иштөөнү туура көргөн. Бүгүнкү күндө топтун бир мүчөсү Байыш «Кызыл алма», «Ак жоолукчан» аттуу чыгармалары менен күйөрмандарын кубантып келет. Сынга сынбаган Байыш мырза «24.kg» агенттигине чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу маалымат берди. 

— Сахнага алгач чыккандагы Байыш менен азыркынын айырмасын айтып берсеңиз?

— Сахнага чыкканыма 23 жылдай болуп калды. Азыркы Байыш менен мурунку Байыштын айырмасы чоң, асман менен жердей. Ал кезде жаш элем, көп нерсеге жакшы түшүнбөгөн. Убакыт өткөн сайын акылдуу боло баштайт экенсиң, азыр ак менен караны айырмалайм, кыскасы алданбайм. Кудайга шүгүр, көп эле жакшы ийгиликтерге жетиштим десем болот, жакшы досторду күттүм. Азыр дагы мен билгенден биле элегим көп деп ойлойм. Андыктан изденүү жолундамын.

— Сиз бир тууганыңыз Жаныш Момунов менен дуэт бойдон калсаңыздар болбойт беле?

— Ооба, бир тууганым Жаныш экөөбүз көпкө чейин бирге иштештик. Кийин эки башка кеткенибиздин себеби, үй-бүлөлүк шартка байланыштуу болду. Жаныш үйлөндү, мен дагы бала-бакыралуу болдум. Анан мурункудай гастролго чыга албай калдык. Кээде Жаныш бошобой калат, кээде менин колум тийбейт. Анан үй-бүлөгө тоскоол болбой, ар ким өз очогун өзү тартсын деп акылдашып эле бөлүндүк. 

— Сиз ыр жазып, обон чыгарасызбы? Же аткаруучулук менен гана чектелесизби?

— Мурда ыр жаза калчумун, азыр убакыт жок. Андыктан аткаруучулук менен гана алектенем. Жогорку билимдүүмүн, консерваториянын эстрада вокал бөлүмүн аяктагам. Учурда тамадалык милдетти да аркалап жүрөм.

— Наам алдыңыз беле?

— Жок, ала элекмин, буйурса алып калаарбыз. 

— Сынга кандай карайсыз?

— Ооба сын айткандар болот, мен анын сыны туура болсо оңдогонго аракет кылам, туура эмес сын болсо унчукпайм. Мага алып баруучулук мага жагат, бул өзүнчө экинчи талантым десем болот, өзүмө жаккан үчүн мага андай деле кыйынчылыгы жок.

—  Уулуңуз Байэлге каралашып турасызбы? 

— Ооба Байэлге сөзсүз каралашып, жардам берип келем, ал менин аталык милдетим.  Азыр жубайым Динара менен эле турмуштун ысык суугуна туруштук берип, жакшы эле эл катары жашап келебиз.

Эң көп окулган жаңылыктар