03:17
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өзбекстан Эгемендүүлүк майрамында Тажикстан менен чек арасын жаппайт

Өзбекстан быйыл Эгемендүүлүк майрамы алдында биринчи жолу чек арада Тажикстан жарандарынын өтүүсүнө чектөө киргизбейт. Бул тууралуу Asia-Plus агенттиги Тажикстандын күч түзүмдөгү өз булактарына таянуу менен билдирди.

«Учурда тажик-өзбек чек арасындагы бардык көзөмөл өткөрмө бекеттер штаттык режимде иштеп жатат. Аймакка коншу өлкөнүн жарандары чектөөсүз киргизилүүдө», -деп билдирди өз булак.

Мурдагы жылдары өзбек тарап тажик жарандарынын чек арадан өтүүсүнө чектөө киргизилери тууралуу Эгемендүүлүк майрамына бир ай калганда билдирүү жөнөтчү. Өзбекстанда Көз карандысыздык майрамы жыл сайын 1-сентябрда белгиленет.

Эң көп окулган жаңылыктар