05:58
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Аралдын көйгөйү, Бишкектин таарынычы

Түркмөнстанда Арал деңизинин көйгөйүн чечүүгө арналган жыйын өттү. Ага Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн президенттери катышты.

Түркмөнстандын «Аваза» туристтик жайында өткөн саммит Арал деңизин сактоо маселесине арналды. Анда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тиешелүү эл аралык фондду реформалоо боюнча демилге көтөрдү.

2016-жылы Кыргызстан Аралды сактоо боюнча эл аралык фонддун ишине катышууну токтоткон. Бул аны терең реформалоо зарылдыгына байланыштуу эле. Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары 2009-жылы эле фонддун түзүмүн, келишимдик-укуктук базасын жакшыртуу жөнүндө чечим кабыл алышкан. Бирок, тилекке каршы биз бул маселеде жылышты байкаган жокпуз. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасы суу-энергетика чөйрөсү боюнча бардык макулдашуу-келишимдерин аткарууда.

Сооронбай Жээнбеков

Ал Аралды сактоо боюнча эл аралык фонддун ишмердигинде сууну ирригациядан бөлөк максатта, анын ичинде энергия иштеп чыгыш үчүн колдонуу жагы эске алынбай калганын белгилеп, фондду реформалоо боюнча Кыргызстандын жети сунушун ортого салды.

Эң көп окулган жаңылыктар