09:12
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Эламан-Чолпон дуэти: Азырынча экөөбүз гана иштешебиз

Залкар комузчу Нурак Абдырахмановго таандык «Мезгил жаңырыгы» аттуу чыгарманы ийине жеткире аткарган Эламан жана Чолпон дуэтинин түзүлгөнүнө быйыл туура бир жыл болду. Буга чейин алар «Акак» комузчулар ансамблинин солисттери катары таанылган. Кыргыздардын күүлөрүн гана эмес, чет элдик музыкаларды комузга салып, улуу-кичүү дебей угармандардын баарына бирдей жаккан талант ээлери 24.kg агенттигине маек куруп беришти. 

-Саламатсыздарбы! Комузда кол ойноткон өнөрүңүздөр кимден өткөн? Дегеним ата-тегиңерде комузчулар болгонбу?

Чолпон: -Саламатсызбы! Мен Кара-Балта шаарында төрөлгөм, бирок турмуш шартка байланыштуу 2 жашымдан баштап Бишкекте чоңойгом. Тилекке каршы ата-тегимде комузчулар болгон эмес.

Бирок, мен ойлойм ошол кезде ата-энемдин каражат жагынан маселеси болбогондо, экөөнөн чыгаан бир музыкант чыкмак.

Себеби, экөө тең абдан музыкага шыктуу, талантуу адамдар.

Эламан: — Мен Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Миң-Куш шаарчасында төрөлгөм. Чоң атам жана таятам комуз чертет. Ата-энем дагы комузда кол ойнотуп, чыгармачылыкка жакын кишилер.

-Сиздердин дуэт эмне деп аталат?

Чолпон: -Биздин дуэтке атайын ысым койгон эмеспиз. Жөн гана атыбыздан Эламан жана Чолпон деп аталат. 

-Чет элдик хит ырларды комузга салып жүрөсүздөр, учурда сиздердин аткарууңуздарда канча чыгармаңыздар бар?

Эламан: — Биздин аткаруубузда 10дон ашуун чыгарма бар экен. Алардын арасында кыргыздын күүлөрү, чет элдик музыкалардан турган курама күүлөр бар. Чынында биздин дуэт жаңыдан гана эл алдына чыгып жаткандыктан, азырынча саны ушунча.

Чолпон: -Бир жылдын ичинде көп чыгармаларды комузга салып элге тартуулайбыз. Жоодар аттуу продюсер менен иштешебиз.

-Чет жерге чакыруулар келип атабы?

-Чолпон: 15 жылдан бери комуз өнөрүн аркалап жүрөбүз. 11 жыл бою Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте окудум. Андан соң кыргыз улуттук консерваторияны аяктадым. Алгачкы устатым Сүйөркулова Ирина эженин аркасы менен «Акак» комузчулар ансамбли көп иш чараларга катышып келгенбиз. АКШ, Кытай, Польша, Европанын көп өлкөлөрүн кыдырдык.

Негизи Эламан жана Чолпон дуэт болгонубузга бир жыл болду. Былтыр августта түзүлгөн. Ошондон бери дуэт катары коңшу Казакстанга барып, ири иш-чарага катышып келдик.

Москава шаарына да бардык. Облустарды кыдырып концерт берип жүрөбүз.

-Канча жылдан бери сахнада жүрөсүздөр?

Чолпон: -Сахнада жүргөнүмө 18 жыл болуптур. Бирнчи кадамдарым бүгүнкүдөй эсимде, окутуп ушул даражага жеткирген устатым Ирина эжей жана Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор Муратбек Бегалиев мени алгачкы жолу чоң сахнага алып чыгышкан. Анда залкар комузчу Самара Токтакунова менен биргеликте Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда Асанкан Жумакматов жетектеген чоң оркестр менен эң биринчи жолу 2002-жылы сахнага чыккам. 2003-жылы ошол делегация менен Москва шаарына барып концерт берип келгенбиз.

Ошондо Владимир Путиндин «бул дүйнөдөгү сегизинчи керемет» деп айтканы, алкаганы мага чоң дем, күч-кубат берген.

Азыр шүгүр колума батпаган диплом, сыйлыктарым бар. Жыл сайын эмне сынак болсо баарын калтырбай катышып келгем. Жетишкен ар бир ийгилигим устатымдын эмгеги деп ойлойм.

-Дуэт катары эмес, жеке аткаруучу катары чыгуу планыңыздарда барбы?

Эламан: -Жеке чыгуу боюнча азырынча ойлор деле жок. Топко башка комузчуларды кошууну пландабадык. Азырынча экөөбүз гана иштешебиз. 

-Демөөрчүлөрүңүздөр барбы? Кийим-кечектериңиздерди буйрутма менен тиктиресиздерби?

Эламан: Демөөрчүбүз жок. Баардык кийим-кечектерди өзүбүздүн күчүбүз менен тиктиребиз. Клипти да өз каражатыбыздан тартабыз.

-Маектешкениңиздер үчүн ракмат! Чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз! 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума