14:07
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Орусияда жети киши жашаган айылда гей-парад өткөрүүгө уруксат берилди

Орусияда алгачкы уруксат берилген гей-парад 26-августта Ульянов облусундагы Яблоневый кыштагында өтүшү мүмкүн.

Укук коргоочу жана ЛГБТ-кыймылынын активисти Николай Алексеев жүрүш өткөрүүгө уруксат сурап облустагы Новоульяновск шаарынын акимчилигине кайрылган. Калаа бийлиги шаарда андай иш-чара уюштурууга болбой турганын айтып, гей-парадды Яблоневый кыштагында өткөрүүгө уруксат берди.

Шаар акимчилиги бул чечимин Новоульяновсктун көчөлөрүндө адамдар, анын ичинде «эрезеге жете элек» балдар көп экендиги менен түшүндүрдү.

«Калктын мындай иш-чараларга терс мамиледе экенин эске алып, ошондой эле жаңжал чыгып кетпесин жана «Балдарды саламаттыгы менен өсүүсүнө зыян келтирген маалыматтардан коргоо тууралуу» мыйзам бузулбасын деп, уюштуруучуларга иш-чараны Яблоневый кыштагында өткөрүү сунушталды», — деп билдиришти акимчилик өкүлдөрү.

Яблоневый кыштагы Новоульяновск шаарынан эки чакырым алыстыкта жайгашкан. Анда бир гана көчө бар жана болгону 7 гана киши жашайт.


Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби