17:17
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Орусия менен Түркмөнстан президенттери Сочиде жолугушту

15-августта Сочиде Орусия президенти Владимир Путин менен Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов жолугушту.

Сүйлөшүү учурунда саясий, соода-экономикалык, илимий-агартуучулук жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Рейтер агенттиги Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песковго шилтеме жасоо менен эки өлкө лидерлери энергодиалогго тиешелүү темаларды дагы карашы мүмкүн экенин жазды.

Жолугушуу алдында Песков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Орусия тарабынан түркмөн газын сатып алууну жандандыруу жана транскаспий газкуурун куруу мүмкүнчүлүктөрү дагы талкууланышы ыктымал экенин айтты.

Түркмөнстандын мамлекеттик ММКлары Гурбангулы Бердымухамедовдун Орусияга барганы тууралуу маалыматтарды жарыялашкан жок.

Эң көп окулган жаңылыктар