19:28
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Түркия бир катар америкалык товарларга карата бажы төлөмдөрүн жогорулатты

Түркия бир катар америкалык товарларга карата бажы төлөмдөрүн жогорулатты. Муну менен Анкара АКШнын болот жана алюминийге болгон тарифтерди эки эсеге жогорулатуу чечимине жооп берди. Тиешелүү буйрукка өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган кол койду.

Америкалык алкоголдук продукциялар үчүн бажы төлөмдөрү 140%, жеңил автоунаалардыкы 120%, тамекиники 60% жогорулады. Мындан тышкары косметика, күрүч жана көмүр үчүн бажы төлөмдөрү өстү.

АКШ августтун башында Түркиянын тышкы иштер жана юстиция министрлерине санкция киргизген, Анкара да Америкага дал ушундай өңүттө жооп берген.

Кийинчерээк АКШ президенти Дональд Трамп түрк болоту менен алюминийине болгон бажы төлөмдөрүн жогорулаткан. Бул билдирүүлөрдүн фонунда лира арзандаган. Президент Режеп Эрдоган улуттук валютанын алсыроосун Анкаранын көз карандысыз саясатына каршы акция деп баалаган. Жыл башынан бери түрк лирасы 45% төмөндөгөн. Күн мурун Эрдоган америкалык электроникага байкот жарыялоого чакырган.

Эң көп окулган жаңылыктар