Жыл башынан бери фермерлер жалпы суммасы 4,8 миллиард сомдук 10 миң 636 насыя алышкан. Бул тууралуу каржы министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, өсүмдүк өстүрүүгө 1 миллиард 171,6 миллион сом, үй жаныбарларын багууга 2 миллиард 730,8 миллион сом, кайра иштетүү жана кызматтарга 950,3 миллион сом бөлүнгөн.
2018-2020-жылдар аралыгында «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорунун биринчи, экинчи жана үчүнчү фазаларын ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 1 миллиард 50 миллион сом каралды.